Биз социалдык тармакта

Кайра шайлоо: Бир мандаттуу үч шайлоо округдан Жогорку Кеңешке талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кечээ, 30-июнда бир мандаттуу Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарладлы.

Маалымдалгандай, шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 жаран арыз берген.

"Ноокат округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 1 аял, Ысык-Көл округу боюнча - 20 талапкер, ал эми Бишкектин Свердлов округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен экөө аял. Талапкерлерден тиешелүү документтери алынып, 10-июнга чейин каттоо жүргүзүлѳт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 10-июндан тарта шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталып, 29-июнда саат 8:00дө аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан