Австралиядагы Southern Cryonics компаниясы 80 жаштагы киши ийгиликтүү тоңдурулганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, 80 жаштагы австралиялык келечекте кайра тирилем деген үмүт менен өлгөндөн кийин тоңдуруп коюуну суранган. Тоңдуруу 12-майда ал каза болгондон кийин дароо жасалган. Сөөк ооруканадан музга салынып, сөөк коюу үйүнө жеткирилген.
Компаниянын кожоюну Филипп Родс процесс өтө оор болгонун жана бир нече күнгө созулган бир катар процедураларды камтыганын белгиледи.
Эксперттер клеткаларды сактап калуу үчүн денеге атайын суюктук сайып, андан соң аны муз менен жаап, температураны минус 80 градуска түшүрүшкөн. Бул процедуралардан кийин сөөк Холбрук шаарындагы Southern Cryonics мекемесине жеткирилип, температура минус 200 градуска чейин түшүрүлүп, дене атайын вакуумдук контейнерге салынган.
Процесстин баасы болжол менен 170 миң австралиялык долларды (болжол менен 111 миң АКШ доллары) түзөт. Бул кадам келечекте медициналык технология ден соолукту калыбына келтирип, адамдарды кайра тирилтет деген үмүт менен жасалган.
Бирок, көптөгөн эксперттер кайра жаралуу мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санашат. Мельбурндун Саламаттыкты сактоо илимдери мектебинин профессору Брюс Томпсон бул процессти илимий фантастикага салыштырып, тоңуп калган абалдан адамдын бүткүл денеси түгүл, тирүү клеткаларды калыбына келтирүү татаал иш экенин белгиледи.