Белгилүү америкалык жылдыздар Брэд Питт жана Анжелина Жолинин кызы Шайло 18-жашка толушу менен атасынын фамилиясынан баш тартты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Шайло Нувель Жоли-Питт 27-майда 18 жашка толгон. Ал андан соң Шайло Жоли кылып фамилиясын өзгөртүп, Питт аталышын алдыртып салуу үчүн документтерин тапшырган.
“Анын бул сунушу азырынча кабыл алына элек. Шайло Брэд Питт менен Анжелина Жолинин өз балдарынын бири, алар дагы үч баланы багып алышкан. Бакма кыздарынын бири 19-жаштагы Захара да фамилиясынан Питт жазуусун алдыртып салган”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик басылмалардын бири 4-апрелде Анжелина Жолинин адвокаттары Лос-Анжелестин Жогорку Сотуна анын мурдагы күйөөсү Брэд Питти ур-токмокко айыптап, жаңы арыз менен кайрылышкандыгын жазган.