Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн энергетиктери эл аралык инженердик чемпионаттын сыйлыгына татыды

Өлкөнүн энергетиктерден турган командасы КМШнын CASE-IN эл аралык инженердик чемпионатында "жарып чыгуучу чечим" номинациясынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москвада өткөн чемпиондуктун финалында ишкананын Nomad Energy командасы жаш адистер лигасынын "Жарып чыгуучу чечим" номинациясында жеңүүчү болгон.

"Быйыл КМШнын жаш адистер лигасынын финалында Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан жана Азербайжан мамлекеттеринен 11 команда катышты", - деп айтылат маалыматта.

Аталган мелдешке ишкананын Nomad Energy жана Prospect Energy командалары катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан