Бүгүн, 31-майда Кыргызстан менен Казакстандын чектеш жеринде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 11:13тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 32 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү 4,4 баллга жеткен.