Өлкөдө 1-июндан тарта жылуулукка жана ысык сууга болгон баа жогорулайт

Жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория үчүн 1560 сомдон төлөм жүргүзөт. Эгерде батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт. Бул туурасында бүгүн, 31-майда Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалымдагандай, буга чейин калк ысык суу үчүн 1 гигакалорияга 1120 сом төлөп келсе, өзгөртүүлөрдөн кийин 1560ка көтөрүлүп, 440 сомго кымбаттаган. Ал эми жылуулук менен камсыздоодо 1248 сом төлөнсө, 1-июндан тарта 1560 сом алынат.

“Жогорулатуунун максаты энергетика секторунун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетика секторуна өзүн-өзү актоо, тариф түзүүгө карата адилеттүү мамиле кылуу, мамлекеттик бюджеттен субсидиялардын өлчөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан