Балбак Түлөбаев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланды

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайлоо жана бекитүү үчүн депутаттар Гуля Кожокулованын ("Бүтүн Кыргызстан") жана Балбак Түлөбаевдин ("Ынтымак") талапкерлиги сунушталган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Балбак Түлөбаев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланып, бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан