Кара-Суу районунда уруштан улам 44 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-май күнү милицияга бычактан жараат алган 3 жаран ооруканага кайрылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүдө ошол эле күнү Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган А.М. аттуу тургунун үйүнө 1979-жылы туулган мурунку кайненеси 1980-жылы туулган сиӊдиси жана 2000-жылы туулган баласы менен кирип барып, балдарын талашканы аныкталган. Ортодогу пикир келишпестик урушка айланып кеткен. Натыйжада 3 жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылышкан. Ал эми 1980-жылы туулган жаран алган оор жараатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренсине (Ден соолука оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган жылы А.М. камакка алынган. Окуя болгон жерден алынган далил буюмдарга, жабырлануучуларга жана шектүүгө тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда күбөлөр суралып, тергөө амалдары уланууда.