Биз социалдык тармакта

Мындан ары өлкө ичинде санарип паспорт менен учууга болот

Кыргызстандын жарандары ички каттамдарда санарип ID паспорту менен уча алышат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка караганда, эми ички каттамдарда өлкө жарандары Tunduk мобилдик тиркемесине көчүрүлгөн санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат.

Эл аралык аэропорт бул паспортун унутуп калган жарандар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик "Түндүк" порталына паспорт, айдоочулук, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан