Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга быйыл 10 миллион туристтин келиши күтүлүүдө    

Быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк туристтик уюмдун классификациясына ылайык былтыр Кыргызстанга жалпы 14 миллион 857 миң жаран кирип чыккан. Департамент алардын ичинен 8,5 миллион туристти бөлүп эсептеген.

Алардын көбү Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан келсе, Европа, КМШ, Түштүк-Чыгыш Азия жана Араб өлкөлөрүнөн сапар алгандар да бар.

"Быйыл өткөн жылдан 10 пайызга көп турист келет деп болжолдоп жатабыз", - деди Кыял Кенжематова.

Белгилей кетсек, быйыл жайкы туристтик сезон расмий түрдө 7-8-июнда Ысык-Көлдө ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан