
Эртең, 1-июндан тарта Бишкектеги №15 троллейбустук каттам жабылат. Ал Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттап жаткан.
Мэрия мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен кабыл алынганын билдирди.
"Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кетет. №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдардын болушу анын ишин экономикалык жактан жараксыз кылат", - деп айтышты мэриядан.
Мекеме келтирилген ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурады.