MBANKтын биринчи ислам негиздери боюнча каржылоо сактык кассасы

2024-жылдын 31-майында, Бишкекте, Кыргызстандын банк чөйрөсүндө белгилүү болгонААК оммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK алгачкы ислам негиздери боюнча сактык кассасынын салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул жаңылык банктын кардарларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана ислам негиздеринин каржылоо кызматтарын сунуштайт.

Иш-чаранын ачылыш аземине банктын өнөктөштөрү жана кардарлары, MBANKтын жетекчилери, Шариат кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катышты. Ардактуу коноктордун катышуусу албетте бул кадамдын өлкө үчүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.

«Ислам негиздери боюнча сактык кассасынын ачылышы биздин шариат ченемдерине ылайык келген финансылык системаны түзүүгө болгон умтулуубузду баса белгилейт. Бул биздин кардарларга ислам ченемдерин жана баалуулуктарын сактоо менен өз каржыларын башкаруу мүмкүнчүлүгүн берүүнүн маанилүү кадамы. Алла Таала айткандай, таза болгонду гана алгыла жана ал үчүн ыраазы болгула. Албетте мындай жаңылыктар финансылык туруктуулуктун жана бакубатчылыктын символу болоруна ишенебиз», - деп белгиледи Шариат кеңешинин төрагасы Эдилбек Асылбеков.

Банктын жардамы менен ипотекага турак жай сатып алган Алмагүл менен Чынгыз үчүн дагы бир кубанычтуу кабар, алар Умрага жолдомо утуп алышты.

«Биз банктын көптөн берки кардарларыбыз жана ипотека маселеси көтөрүлгөндө, аны бир гана сүйүктүү банкыбыздан ала алабыз деген ой болгон. Бардык шарттар ыңгайлуу жана абдан жагат. Ал эми Умрага жолдомо утуп алуу, биз үчүн укмуштуудай белек болду», - деди жубайлар.

Ош базарында кооз, заманбап жана ыңгайлуу имаратта жайгашкан сактык кассанын алгачкы конокторун жана кардарларын жылуу кабыл алуу менен иш башталды.

MBANK башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Кайрат СУРАНАЕВ долбоор менен сыймыктанат. MBANK лицензия алуу менен ислам негиздери боюнча каржылоо багытын баштап жатканына абдан сыймыктанабыз деп баса белгиледи:

«Биз калктын абдан чоң суроо-талабын көрүп жатабыз. Биздин мамлекет светтик экендиги эч кимге жашыруун эмес, ошол эле учурда биздин өлкөдө исламдын Ислам багытын жактагандар абдан көп жана ислам продуктыларына суроо-талап күн санап өсүп жатат. Бүгүнкү күндө ислам аманат кассасынын ачылышы биздин кардарлардын ишенимдерине жана керектөөлөрүнө ылайык кызматтарды көрсөтүүгө болгон умтулуубузду чагылдырат. Биздин аманат кассабыз финансылык туруктуулуктун, адилеттүүлүктүн жана ар бир кардарга карата сый-урматтын символу болуп кызмат кыла тургандыгына биз сыймыктанабыз. Ошондой эле, аманат кассасынын эшиги бардыгы үчүн ачык экендигин айткым келет».

MBANK ислам сактык кассасы төмөнкү артыкчылыктарды сунуш кылат:

- Шариятка ылайык келиши

- Пайызы жок жана негиздерге жатпаган инвестицияларды алып салуу

- Этикалык инвестициялар. Социалдык жооптуу долбоорлорго каражат бөлүү

- Ачык айкын башкаруу. Каражаттарды башкаруу боюнча ачык-айкындуулуктун жогорку даражасы

- Заманбап каржы өнүмдөрү. Кардарлардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган өнүмдөрдүн түрлөрү.

- Коопсуздук. Кардарлардын аманаттары үчүн ишенимдүү коргоо жана тобокелдиктерди башкаруу.

Банк линиясы ар түрдүү жана ар бир кардар өзүнө ылайыктуу продуктуну тандай алат.

Мурабаха керектөө максаттарына;

Бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн универсалдуу Мурабаха;

Кененирээк маалыматты шилтемеден таба аласыз.

MBANK – биринчи санарип!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан