
Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин 7 күнгө толук жабылат. Бул боюнча мэрия маалымат таратты.
Билдирүүдө мындай чектөө 1-июндан 8-июнга чейин созулуп, жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө байланыштуу киргизилгени жазылат.
Жол жабылгандан кийин жолдун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат. Ошондой эле жолдун негизин асфальт-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.