SUPER.KG порталы буга чейин жарандык никедеги жолдошунун колунан каза тапкан Айжан Алыкулованын бир тууган сиңдиси Айнура Алыкуловадан маек алды. Ал эжесинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып, акыйкаттык издейт.
"Эжем 5 тилде сүйлөчү. Өз алдынча иштеп жүргөн. Өзүнүн баласын, ата-энесин аябай жакшы карачу", - деп эскерди сиңдиси Алыкулова.
Ошондой эле маркум эжеси 38 жашында шектүү (жарандык никедеги жолдошу) менен жашап калганын айтып, каргашалуу окуя тууралуу сөз кылды.
Эске салсак, маркум буга чейин бийчи катары белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган. Акыркы эки жылда ал чет өлкөдө иштеп, мекенине кайтканына аз убакыт болгон.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын оюн угууга даяр. Толугу менен видеодон көрүңүз.