Ош шаарында таштандыларды иргөөчү ишкана иштей баштады. Ишкана менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жеринен таанышты.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, аталган объект «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан курулган. Кайра иштетүү станциясында 80ден ашык жумушчу орун түзүлгөн.
Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалган.
Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта станцияны куруу. Ал эми экинчи этап кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү, калдыктардын түзүлүшүн аныктоого квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.