Биз социалдык тармакта

Ошто муниципалдык күрөш залы ачылды

Ошто күрөш залы ачылды. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, спорттук аянтчасында түзүлгөн бардык шарттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, күрөш залынын курулушу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

"Муниципалдык күрөш залында спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, коммуналдык жайлар менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, спорттук залдын узундугу 38 метр, туурасы 18 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан