Токио шаарынын борборундагы мектеп аянтчасында бир адам өзү менен кошо жаш баланы өрттөп салган. Бул тууралуу 23-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жабыркагандардын экөө тең ооруканага күйүк менен жаткырылган. Өзүн өлтүрүүгө аракет кылган адамдын абалы оор экени айтылууда.
Окуя дүйшөмбү күнү эртең менен балдар мектептин алдында бейсбол ойноп жаткан учурда болгон. Балдардын бирин кармаган киши өзүнүн жана тигинин үстүнө керосин куюп, ширеңке жаккан.
Өз жанын кыюуга аракет жасаган адамдын бул кадамга эмнеге барганы азырынча белгисиз. Иликтөө иштери жүрүүдө.