"Сындап жазган ЖМКнын өкүлдөрүнүн туугандарына да иш беребиз". Садыр Жапаров курулуштар боюнча иликтөөгө комментарий берди

Өлкөдө айрым ЖМКлар тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланды. Анда бийлик жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу дооматтар айтылды. Буга байланыштуу Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда “Кабар” агенттигине маек берди.

Анын айтымында, бүткүл өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар башталат. Ошондой эле ал курулушка катышам деген каалоочу ар бир компанияны кызматташууга чакырды.

"Негизи мен өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убактыңарды коротпогула деп буйрук бердим эле. Мындан кийин андай ойдон чыгарылган жалган иликтөөлөргө көңүл буруштун кереги жок. Убактыңарды пайдалуу иштерге жумшагыла деп айтып келем.

Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 миллион 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 миллион 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айлалары кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үй 3 миллион 300 миңден бүтүп калды. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөп калдык", - деди Жапаров.

Мындан тышкары Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү кайсы компаниялар куруп жаткандыгын атап өттү.

Кыргызкурулуш сервис” куруп жатат. Бул компания – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда "Бест Хаус Гранд" (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан "под ключ" куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат", - деп кошумчалады өлкө башчы.

Ошондой эле өлкө башчы башка каалоочу компанияларга жана сындап жаткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындарына эшик ачык экендигин билдирди.

"Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан "под ключ" куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан