"Балдар биздин келечегибиз". Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстан Балдардын укуктары боюнча конвенцияга кошулганына 30 жыл болуп, бул жылдар аралыгында бир катар ийгиликтерге жетишилди.

Урматтуу бөбөктөр, кымбатуу жеткинчектер! Ардактуу ата-энелер!

Бүгүн “Балалуу үй – бакыт” деп, ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып, кубанычы арта турган күн. Мындан улам, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Биз ар дайым “Балдар – биздин келечегибиз!” деп, балдарды туура тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселесине улуттук артыкчылыктардын бири катары терең маани берип келебиз.

Быйыл Кыргызстан Балдардын укуктары боюнча конвенцияга кошулганына 30 жылдын жүзү толот. Бул жылдар аралыгында бир катар ийгиликтерге жетиштик: балдардын укуктарын коргоого багытталган маанилүү мыйзам актылары кабыл алынды, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары өркүндөтүлдү, балдарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлдү.

Бүгүнкү күндө республиканын булуң-бурчундагы ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү жана талантын ачуу үчүн бактылуу балалык тартуулоого багытталган көптөгөн пайдалуу долбоорлор, социалдык программалар ишке ашырылууда.

Бирок жетишкен ийгиликтерге карабастан, алдыбызда дагы да олуттуу милдеттер турганын жакшы түшүнөбүз. Кыргызстан социалдык мамлекет, ошондуктан биз социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюу, жакырчылык жана зордук-зомбулук менен күрөшүү, балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоо жаатындагы иштерди улантышыбыз кажет.

Жакында томолой жетим балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилет.

Балалыгыңардын ар бир күнү күлкү менен кубанычка толсун. Майрамыңар кут болсун!” - деди өлкө башчы өз куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан