Биз социалдык тармакта

УКМК кызматкерлери "Оберег" реабилитациялык борборундагы балдарды куттуктады

УКМК кызматкерлери Бишкектеги "Оберег" реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Оберег" реабилитациялык борбору майыптыгы бар балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө, ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

"Учурда аталган борбордо 50 тарбиялануучу бар, анын ичинен 20 адам 24 сааттык тайпада (5 жана 7 күндүк). Ал эми 8 адам туруктуу жашайт", - деп айтылат маалыматта.

Ташиевдин тапшырмасынын негизинде УКМК тарабынан реабилитациялык борборго материалдык жардам көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан