Биз социалдык тармакта

Чүйдүн бир канча райондорунда мыйзамсыз объекттер буздурулууда

Чүйдө мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.

Маалымдалгандай, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата, Чүй району жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары аталган аймактарда жайгашкан соода-сатык объектилерин дизайн код боюнча иреттөө иштери орун алууда.

"Иретке келтирүү иштерин Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана тиешелүү мамлекеттик органдар жеринен көзөмөлдөөдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан