"Кыргызча контент жаратууга салым кошсом дейм". "Алтын тамга" алган Зулайка менен маек

Бишкектеги "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү Зулайка Рысбекова "Алтын тамгага" ээ болгон окуучулардын катарын толуктады. Журналистика тармагында адис болууну пландап жаткан Зулайка Түркияда окууну көздөйт. "Болочокто кыргыз тилдүү медианы өнүктүрүүгө салымымды кошом" деген бүтүрүүчү SUPER.KG порталына окуудагы жетишкендиктери, пландары тууралуу ой бөлүштү.

Зулайка башталгыч класстарды Аксынын Кербен шаарындагы мектепте окуп келген.

- Үй-бүлөдө эки бир тууганмын, иним бар. "Креатив-Таалим" үчүнчү мектебим. Ага чейин башталгыч класстарды Аксы районундагы Кербен шаарынан окуп келгем. Андан кийин борбордогу менчик мектептердин биринде окудум. 9-классты аяктагандан кийин, 2022-жылы бул жакка которулгам.

- "Алтын тамганы" алууга даярдыктар кандай жүрдү?

- "Алтын тамганын" сынактарынан башында аябай коркком. Себеби кыйын деп эсептегем. Буга жүздөгөн окуучулар катышат. Ошонун ичинен эки жүзгө жетпеген окуучу эле алат экен. Анан өзүмдү артыкчылык аттестатын алууга да, албай калууга дагы психологиялык жактан даярдагам. Мугалимдерибиз даярдаган кезде бардык билимдерибизди кайталатып, бышыктап, баарын иреттеп берип коюшту. Андан кийин коркуу сезими кетип калды.

Жыйынтыкты укканда аябай сүйүнүп кеттим. Көп деле күткөн эмесмин, бирок өз билимимди тастыктаганга кубандым.

- "Алтын тамганы" алганыңды укканда алгач кимге ыраазычылык айткың келди?

- Мугалимдер бизде ар бир олимпиадага, тестирлөөгө ж.б.у.с. сынактарга узатканда бата менен жиберишет. Мектептин жетекчилиги, улуу агайыбыз Искендер агай батасын берип, жылуу сөздөрүн айтышат. Биз ошол сөздөрдү жүрөгүбүз менен сезип, сарсанаа болбой тапшырып келебиз. Ошондой эле мектеп директорубуз Гүлнара Дайырбекова "эгер артыкчылык аттестатын албай калсаңар деле бул жашоодогу сыноонун бир кичинекей бөлүгү. Силер кайгырып, чөгүп кетпегиле" деп айтканы да дем-күч болду. Ошондуктан мугалимдериме ыраазымын.

- Эл аралык конкурстарга дагы катышкан учурлар болду беле?

- Жылдын башында биз Түркиянын Анталия шаарындагы олимпиадага барып катышып келдик. Ал жактан көп нерселерди үйрөндүк десем болот. Ал сынакта биздин мектеп башкалардан ынтымагы менен айырмаланып Гран-прини утуп алдык. Анын алкагында лагерге жолдомо берилген болчу. Кичинекей класстын окуучулары барганы турат. Биз экзамендерге байланыштуу бара албай калдык.

- Кайсы окуу жайга тапшырууну пландап жатасың? Же тапшырууга жетиштиңби?

- Жашым жетпегендиктен көп чет өлкөдөгү университеттерге тапшыра албайт экем. Азыр жашым 17де. Бир гана вариант Түркия болуп жатат. Ал жакка тапшырып, 1-турунан өттүм. Жакында 2-туру болот. Ал жакка өтсөм Түркияда билим алам. Эгер өтпөй калсам Бишкектеги "Ала-Тоо" эл аралык университетине же Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырайын деп турам. Планым – журналистика тармагында билим алуу.

- Мектепте жакшы көрүп окуган сабактарың кайсылар болду?

- Гуманитардык багыттагы: география, тарых, кыргыз, англис, орус тил сабактарын жакшы көрөм.

- Эмнеден улам "Алтын тамга" алууну максат койдуң эле?

- Кичинекей кезимден бери "5" деген баага окудум. Бул апамдын кылган иш-аракетинин натыйжасы дейм. Себеби апамдын мектепте жакшы окуганы мен үчүн үлгү болгон. 9-классты дагы артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөм, ал эми 11-класста "Алтын тамганы" албай калуу мага кайгылуу болмок. Экинчиден мектептин рейтингинин көтөрүлүшүнө салымымды кошкум келди.

- Окуучулук күндөрдөгү кызыктуу окуялар көп болсо керек...

- Биздин мектепте жыл сайын 11-класстар кенже класстардын окуучуларына шоу уюштуруп беришет. Алгач даярдыкка жакшы көңүл бурбай жатканбыз. Буга мугалимдерибиз дагы келип эскертүү беришкен. Майрамга эки күн калганда катуу даярдандык. Шоуну тартуулаганда баары таң калышты. Бизден жогорку деңгээлдеги, мыкты шоуну күтүшпөптүр да.

- Келечекке койгон максаттарың тууралуу дагы айтып берсең?

- Телеканалдарда же интернет басылмаларында иштесем деген ой бар. Кыргыз тилинде сапаттуу контент жаратууга салым кошсом дейм.

- Маек үчүн ыраазычылык билдирем! Максаттарың орундалып, ар дайым жолуң ачык болсун.

Маалымат үчүн: Быйыл республика боюнча 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен 149 окуучу "Алтын тамга" аттестациясына ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан