Ислам Махачев кайрадан UFC чемпиону болду

Бүгүн, 2-июнда АКШнын Ньюарк шаарында аралаш мушташ боюнча UFC-302 турнири орун алып, анда жеңил салмактагы Ислам Махачев менен Дастин Порьенин кез келүүсү негизги беттеш болду.

Беттеш 5 раундга созулуп, 1-раундда Махачев буту менен белден кысып Порьени соккуга алды. 2-3-раундда да орусиялык мушкер ушул эле ыкмаларды колдонуу менен үстөмдүк кылып, упай алып жатты. Ал эми 4-раундда америкалык мушкер таамай соккулары менен Махачевди сестендирди. Акыркы раунд дегенде Махачев Порьени муунтуу ыкмасы менен мөөнөтүнө жетпей утуп алды. Бул ыкмадан кийин Порье араң эсине келди.

Ошентип Ислам Махачев аралаш мушташ боюнча 70 килограммга чейинки жеңил салмактагы UFC`нин чемпиондук курун коргоп калды. Муну менен ал 3-жолу чемпиондук курдун ээси болду.

Эми Ислам Махачевдин эсебинде 26 жеңиш, 1 жеңилүү болсо, Дастин Порьеде 30 жеңиш, 9 жеңилүү болуп жазылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан