Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнь күндөрү иш сапары менен Беларусь өлкөсүнө барат.
Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышарын билдирди.
Мындан тышкары "Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу" пленардык сессиясына катышуу жана "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.
ЕӨАКнын кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралары кошумчаланды.