Стамбулда үч кабаттуу имарат урап түштү

Стамбулда үч кабаттуу имарат урап, бир адам каза болду. Окуя Стамбулдун батышындагы Күчүкчекмеже районунда болгон. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы жазды.

Имараттын калдыктары жакын жердеги унаа токтотуучу жайга түшкөн. Жеринде күч органдары, куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

"Урандылардын астында калган 8 адам куткарылып, 1 адамдын жансыз денеси табылды", - деп жазылат маалыматта.

Имараттын эмне себептен урап калганы азырынча белгисиз болууда. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, ал 1988-жылы курулган.

02.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан