Ирандын мурдагы депутаты Зохре Элахиян президент Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин дайындалган кезексиз президенттик шайлоого талапкер катары катталган биринчи аял болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен өз өлкөмдүн аялдар коомчулугунун өкүлү катары шайлоо штабына документтерди тапшырдым", - деп жазган Элахян социалдык тармактагы баракчасына.
Төрт күндүн жыйынтыгында 20 талапкер президентикке талапкер катары катталды.
Алардын арасында парламенттин мурдагы башчысы, Ирандын Борбордук банкынын экс-жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун экс-башчысы, Тегерандын мэри жана Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеинин Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кызматтагы өкүлү бар.
Иран парламентинин азыркы алты депутаты да шайлоого катышуу каалоосун билдирген.