Нью-Йоркто Украинада туулган 35 жаштагы адам 52-кабаттан баласын түртүп, артынан өзү секирген. Тергөөчүлөр окуяга баланын апасы менен болгон ажырашуу процесси себеп болгон деп божомолдошууда. Бул тууралуу 22-декабрда америкалык басылмалар жазып чыгышты.
35 жаштагы Дмитрий Канариков жана анын 3 жаштагы уулу Кириллдин денеси кошуна жайгашкан имараттын чатырынан табылган. Атасы окуя болгон жерде каза болсо, бала ооруканада көз жумган.
Полиция кызматкерлери тарабынан бул кырсыктын себептери такталууда.
Маалыматка караганда, Канариков аялы менен ажырашкан жана сот "бала апасы менен жашашы керек" деген чечим чыгарган. Кырсык болгон күнү атасы баласын аялына өткөрүп бермек.