Жеңил салмактагы бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол кыргызстандыктарды бокс боюнча Олимпиада оюндарына лицензия утушу менен куттуктады.
"Мунарды жана машыктыруучуларды, бардык кыргызстандыктарды бокс боюнча биринчи лицензия алышы менен куттуктайм", - деди Бивол.
Бангкокто өткөн бокс боюнча акыркы лицензиялык турнирде кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.
2-июнда Эр-Риядда өткөн турнирде Дмитрий Бивол ливиялык Малик Зинадды техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук титулун коргоп калган.