Индиянын Дели шаарындагы катуу ысыктан адамдар каза болуп, маймылдар баш болгон жапайы жаныбарлар эс-учун жоготуп жыгылышууда. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Андагы маалыматка ылайык, 29-майда Делиде рекорддук ысык +52,9 градус болуп катталган. Ысыктан шаардагы канаттуулар менен жапайы маймылдар эсин жоготуп жатышат. Мындан тышкары сууну керектөө абдан көбөйгөн. Мындан улам борбордо коомдук суу бөлүштүрүүчү пункттар уюштурулган.
Өлкөнүн айрым аймактарында сабактар токтотулуп, көчөлөр бош, дүкөндөр жабылып, эл сыртка чыкпоого аракет кылууда. Аба ырайынын өтө ысык болушу ондогон индиялыктардын өмүрүн алып кеткен. Тагыраак айтуу кыйын, анткени Индия өлкөдө ысыктан каза болгондордун жалпы санын жарыялабайт.
Өлкөдө муссон мезгили келгенге чейин апрель, май жана июнь айларында дайыма катуу ысык болот, бирок акыркы жылдары ысык кескин күчөдү. Ал эми быйылкы жылдын ысыктыгы мурунку бардык рекорддорду жаңылоодо.