Португалиянын Бежа шаарындагы авиашоудо эки учак кагылышып, учкучтардын бири каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, испан-португал Yakstars пилотаждык командасынын учактары абада кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен испаниялык учкуч каза болуп, португалиялык учкуч оор жаракат алган.
Мындан улам Португалиянын аба күчтөрүнүн 72 жылдыгына арналган иш-чара токтотулган.