«Манчестер Юнайтед» , «Челси» жана «Реал» клубундагы футболчулардын экс-машыктыруучусу Жозе Моуринью “Фенербахче” түрк клубунун жаңы машыктыруучусу экендиги айтылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлады.
2-июнда Стамбулдагы Фенербахченин стадионунда Жозе Моуринью жалпы колдоочуларга клубдун машыктыруучусу катары тааныштырылган. Аренага он миңдеген адамдар келишкен.
“Силердин ишенимиңер жана сүйүүңөр үчүн ыраазычылык. Оюндун алдында көрсөтүп жаткан ишенимиңер мага чоң жоопкерчилик тартуулайт. Түркиядагы футболдун өнүгүшүнө салым кошом. Анын ичинен “Фенербахче” клубунун футболчуларын жогорку деңгээлге чыгышына жардам берем”, - деген ал.
Жозе Моуринью 2024-жылдын январында "Рома" клубунун машыктыруучусунан бошотулган. 61 жаштагы португалиялык футболчу буга чейин "Бенфика", "Порту", "Челси", "Интер", "Реал", "Тоттенхэм" жана "Манчестер Юнайтед" клубдарын жетектеген.