Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши 2018-жылдагы кореялар аралык аскерий келишимди толугу менен жокко чыгады. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.
"Кеңештин катышуучулары эки Кореянын ортосунда өз ара ишеним орногонго чейин 19-сентябрдагы аскердик келишимди толугу менен токтотуу сунушун киргизүүнү чечишти", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Бийлик бул келишим менен чектелген демаркация сызыгына жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүүгө жана "Түндүк Кореянын провокацияларына адекваттуу жана дароо жооп кайтарууга" мүмкүндүк берерин тактады.
Бул чара Түндүк Кореянын акыркы жумада таштанды жана кык салып, дээрлик миңдей шарды Түштүк Кореяга жөнөткөнүнө жооп болду. Түндүк Кореянын KCNA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, 15 тонна таштанды жөнөтүлгөн.