Индияда катталган эң катуу ысык: 50дөн ашуун адам каза болду

Индияда акыркы үч айдагы аптаптын кесепетинен кеминде 56 адам каза болду. Алардын 46сы май айында каза болгонун The Hindustan Times жазды.

Басылма курман болгондордун эң көп саны Индиянын борборундагы Мадхья-Прадеш штатында катталып, 14тү түздү. Ошондой эле өлкөнүн батышындагы Махараштра штатында 11 адам каза болсо, Андхра-Прадеш жана Ражастанда да көз жумгандар бар.

1-марттан бери ысыкка байланыштуу ооруканаларга 24,8 миң адам кайрылган, анын 19,2 миңи май айында.

Өткөн аптада Индиянын метеорологиялык агенттиги өлкө боюнча абсолюттук температура рекордун каттады – Делидеги термометр 52,9 градуска чейин көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан