Мексиканын тарыхында алгачкы жолу президент болуп Мехико шаарынын мурунку мэри Клаудия Шейнбаум президент болуп шайланганын чет элдик басылмалар кабарлады.
Алдын ала жыйынтыктар боюнча Шейнбаум 56 пайыз, сенатор Ксочитль Гальвес 30 пайыз добуш алган.
“Мексиканын улуттук шайлоо институту жакынкы аралыкта акыркы маалыматтар менен бөлүшө тургандыгын билдирген. Мексиканын учурдагы президенти Лопес Обрадор мыйзамга ылайык экинчи ирет шайлоого катыша албайт. Ошондуктан ал Клаудия Шейнбаумду колдогон. 2000-жылы Мехиконун ошол кездеги мэри Лопес Обрадор Шейнбаумду борбордун экологиялык катчысы кылып дайындаган. 2018-жылы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Обрадордун ордуна ал мэр болуп келген”, - деп айтылат маалыматта.
Бул шайлоо өнөктүгү трагедиялык окуялар менен коштолду. Анткени жарандар 2-июнда Мексикада президентти гана эмес, штаттардагы губернаторлорду, эл өкүлдөрүн шайлаган. Жалпы үгүт учурунда 36 кандидатка кол салуу болуп, өлтүрүлгөн.