Биз социалдык тармакта

Депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты иш күнү деп жарыялоону сунуштады

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн жумуш күнү катары белгилөөнү сунуштады.

Ал 8-мартты майрам катары калтырып, бирок дем алуу күндөрүнүн катарынан алып салууну айтты.

"Майрамдагандар майрамдай берсин, иштегендер иштей берсин да", - деди Нурбаев.

Ошондой эле эл өкүлү өлкөнүн 90 пайызы мусулмандар экенин белгилеп, Курман айт майрамын үч күн эс алуу күнү катары киргизүүнү сунуштады.

Буга эмгек министринин орун басары Жыпариса Рысбекова "Министрлер кабинети менен бирге карап көрөлү" деп жооп берди.

Жогорку кеңеш 03.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2024-06-03 16:03:00
Бөрү баласы ит болбойт
+1
Kg-04
2024-06-03 16:47:00
Эзелки душман Эл болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан