Германияда селден улам миңдеген жарандар эвакуацияланды

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Германиянын түштүгүндө сел жүрүп, айрым аймактар ​​суу алдында калып, бийлик 3 миңдей адамды эвакуациялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, куткаруу учурунда өрт өчүрүүчү каза тапкан.

“Ишембиге караган түнү куткаруу кайыгында бара жаткан өрт өчүрүүчү сууга оодарылып, жекшемби күнү эртең менен Мюнхенден 50 чакырым түндүктөгү аймактан табылган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Европанын бир бөлүгүн суу каптап, Германия көбүрөөк жапа чеккендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан