Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 1-класстарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Бүгүн, 3-июнда балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте 15 мектеп баланын саны боюнча толгон.

“Экинчи этап – анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин жүрөт. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттай алат”, - деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун биринчи этабында 70 миң 16 бала катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан