Франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына улуттук кураманын тизмесине кирген эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Франциянын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу Тьерри Анри Парижде боло турган оюндарга команданын курамын жарыялады. Француз футболунун башкы жылдызы тизмеде болгон жок.
Буга чейин өлкө президенти Эммануэль Макрондун катышуусундагы Олимпиада оюндарына Килиандын катышуусу боюнча узак сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Мбаппенин жаңы клубу "Реал Мадридге" Олимпиадага катышууга тыюу салынган.