Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Ага ылайык, Акылбек Жапаров “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.