Казак бийлиги "Талибан" кыймылын өлкөдө тыюу салынгандардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынында билдирди.
"Казакстан азыркы Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана бул режим узак мөөнөттүү фактор экенин түшүнүүнүн негизинде "Талибан" режимин террористтердин тизмесинен чыгарды", - деди Токаев.
Ал Ооганстанды аймактар аралык байланыштарга тартууну стратегиялык милдеттердин бири деп атады.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров талибдерди 2023-жылдын декабрь айында эле террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу планын жарыялаган. Ал мындай чечим БУУнун Коопсуздук кеңешинин аткарууга милдеттүү резолюцияларына ылайык кабыл алынганын түшүндүрдү.
"Талибан" кыймылы 2005-жылдын март айында республиканын Жогорку Сотунун чечими менен Казакстанда тыюу салынган террордук түзүмдөрдүн тизмесине киргизилген.
2021-жылдын августунда талибдер Ооганстанда 20 жылдык тыныгуудан кийин бийликке кайтып келишкен. Анда казак бийлиги кыймылды таануудан баш тарткан.
Республиканын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда талибдер менен инклюзивдүү жана өкүлчүлүктүү өкмөт түзүү, улуттук азчылыктар менен аялдардын укуктарын урматтоо, башка мамлекеттерге коркунуч туудурган топтордун болушуна жол бербөө, ошондой эле эл аралык укуктун талаптарын сактоону зарыл деп атады.