Камчыбек Ташиев Курманкул Зулушевдин кызматтан кеткендиги боюнча комментарий берди

Курманкул Зулушев мыйзамды так аткарган башкы прокурор болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

"Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган башкы прокурор болду. Ал мындан ары да өлкөгө көп кызматын көрсөтөт. Сагызган үнү эч кимге жакпаганын сезбестен сайрай берет. Дагы бирди көргүсү келип калса керек. Мекенин саткан чыккынчы болду бул сагызган!" - деп жазган Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан