Акылбек Жапаров Минск шаарында "Белагро-2024" көргөзмөсүнө катышты (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Беларуска болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда аталган мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, "Улуу таш" индустриалдык паркынын көргөзмө борборунда өтүп жаткан көргөзмөгө 10дон ашуун өлкөдөн 500дөн ашуун компания катышууда. Кыргызстандын 20га жакын компаниясынын агропродукциясы коюлду.

"Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүүнүн алдыңкы багыттары, продукцияны кайра иштетүүнүн, таңгактоонун жана сактоонун заманбап технологиялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын ар түрдүүлүгү менен тааныша алышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан