Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков менен колуктусу Миргүл Асаналиева уулдуу болду. Ырчы кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда ырчы "Кудайга шүгүр, уулдуу болдум" деп жазган.
Анын жакындары жана күйөрмандары социалдык тармак аркылуу жылуу тилектерин калтырып жатышат.
Белгилей кетсек, кош жылдыздар Аскат Мусабеков менен колуктусу Миргүл Асаналиева бир кызды тарбиялап келишкен.