
Алай районуна караштуу Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда
(170-250-чакырымдар аралыгы) жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүгүн, 4-июнда билдирди.
Ага ылайык, жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен атайын техникалар тартылды.
"4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөк. Жолдор ачык, каттам бар", - деп билдиришти министрликтен.