Чехияда Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарада 20 адам чагылгандан жаракат алды

Чехиянын Либерец шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралардын программасын үзгүлтүккө учураткан чагылгандын кесепетинен 20га жакын адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Майрамдык программа жергиликтүү сепилдин жанындагы паркта өтүп, иш-чаралар түштөн кийин башталды. Саат 16:00 чамасында күн күркүрөп, жамгыр жаап, келгендердин айрымдары ага чейин ал жерден чыгып кетишсе, айрымдары чоң дарактардын түбүнө жашынган.

Чагылгандын бири 20 метрлик эмен дарагына тийип, анын астына жашынган адамдар жабыркаган.

Куткаруучулар жабырлануучулар 20га жакын экенин, алардын жарымы балдар болгонун айтууда. Бир нече адамды жеринде реанимациялоого туура келген. 17 адам, анын ичинен 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар ооруканага жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан