13 жыл мурун террордук иш үчүн издөөгө алынган шектүү кармалды

Террордук жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган А.И. аттуу жаран 2010-жылдагы окуядан кийин шериктери менен бирге өлкө аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, Ош облусунун тургундарынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алган.

"2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылып, А.И.нин эки шериги кармалган жана ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен А.И. качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк эки адам Сирияга ЭТУ тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан