Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды жумушка орноштуруу боюнча ачылган ишеним телефонуна 7 мүнөт сайын чалуулар түшүп жатканын билдирди.
Маалым болгондой, 1899 кыска номерине чалган жарандардын көбү айдоочу, тигүүчү, курулуш адистиктери, ашпозчу, эсепчи болуп жумушка орношууну суранышкан.
"Бул номер менен облус, район же шаар боюнча эмгек рыногундагы бош жумуш орундар жөнүндө кеңеш алууга болот. Ошондой эле тажрыйбалуу адистер сизге кесиптик билимди же квалификацияны кайдан алууга болорун айтып беришет", - деп айтылат маалыматта.
Аталган министрлик жумуш сурап чалгандардын ар бир үчүнчүсүнүн эч кандай кесиби жок экенин кошумчалады.