Германиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан кеминде төрт киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 3-июнда Германиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган үйлөрдүн жер төлөсүнөн 2 адамдын сөөгү табылганын кабарлаган. Буга чейин дагы жекшемби күнү Бавариянын Шробенхаузен шаарында 43 жаштагы аялдын жансыз денеси үйдүн жер төлөсүнөн табылган.
Ошондой эле 2-июнь күнү суу каптаган аймактардан адамдарды эвакуациялоого жардам берип жүргөн 42 жаштагы ыктыярдуу куткаруучу каза болгону такталган.
Белгилей кетсек, Германиянын Бавария жана Баден-Вюртемберг федералдык штаттарындагы суу ташкынына узакка созулган катуу жамгыр себеп болгон.