Тюмендин дача айылдарында чет өлкөлөрдөн келген мигранттардын топтору пайда болуп, алар жергиликтүү тургундарга тамак-аш үчүн иштеп беришүүдө. Бул тууралуу URA.RU агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Тюмендин четиндеги мигранттар тамак-аш үчүн курулуш таштандыларын чыгарып, жер казып, оор жүктөрдү ташууга жардам беришет.
"Мигранттардын топтору Березняки районуна жакын жайгашкан айылдарда байкалды. Алар үймө-үй кыдырып, үй иштерине жардам беришет. Алар кылган жумуштарынын акысына тамак-аш кабыл алууга даяр экенин айтышты", - деген атын атагысы келбеген айыл тургуну.