
Кыргызстандык бийчилер
Владимир Вырлеев менен
Мария Прощлецова Германияда өткөн «WDSF Open taken place in Bremen - Germany - 2024» турниринде алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу
Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Сынак Бремен шаарында 2-июнда болуп, 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
"Турнирге катышкан 48 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова алтын медалды жеңип алышты", - деп билдирди Титунин.
«WDSF Open taken place in Bremen - Germany - 2024» эл аралык турнирине Испания, Германия, Италия, Эстония, Латвия, Португалия, Грузия, Кыргызстан жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан.